Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны кайрадан көбөйүүдө. Соңку бир сутканын ичинде кооптуу тумоо дагы төрт адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка караганда, Ош облусунда бир, Баткен облусунда 2, Жалал-Абад облусунда бир адам каза болду.
Ошол эле учурда коронавирус жуктурган 275 жаңы учур катталды. Бул сентябрь айынын берки жогорку көрсөткүч. Дарыгерлер акыркы үч күндөн бери өлкөдө орун алган башаламандыктан улам, эл көп топтолуп, санитардык талаптар сакталбай жаткандыктан оору көбөйүп жатканын эскертүүдө.
Азыркы тапта стационарларда 1 миң 456 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 533 адам дарыланууда. Ошондой эле, акыркы бир күндүн ичинде 140 адам коронавирустан сакайып чыкты.