Израилдеги эң улгайган адам көз жумду
Новость

Израилдеги эң улгайган 117 жаштагы Шломо Йегуда көз жумду. Бул туурасында жергиликтүү жаңылыктар порталы билдирди. Маалыматка ылайык, “Шломо Йегуда октябрдын башында үйүндө үй-бүлөсүнүн курчоосунда каза болгон, бирок бул жаңылык  эми гана белгилүү болду”-деп жазылат маалыматта. Ал Израилдин Нетания  шаарында жашаган.

1903-жылы туулган израилдин жараны бир гана өлкөсүндө эмес, дүйнөдөгү эң улгайган адамдардын катарында болгон.

Йегуда алты баланын атасы жана ондогон неберелердин, чөбөрөлөрдүн жана кыбыралардын чоң атасы болгону белгиленет.