Ысык-Көл облусунда корановирус жана өпкөнүн кагынышы илдетинин экинчи толкунуна карата даярдык жүрүүдө. Жугуштуу тумоо күчөп кете турган болсо облус аймагында жалпы 46 жерде 634 орундууу күндүзгү стационарлар ачылат.
Учурда анда орундуктар даярдалууда. Бүгүнкү күнгө карата облус аймагында он жети адамдан коронавирус аныкталып, инфекцияга чалдыккандар көбөйүп жатат.