Өткөн суткада 5 дарыгер коронавирус жуктуруп алды
Новость

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 18-октябрдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда акыркы бир суткада дагы беш медицина кызматкеринен COVID-19 илдети аныкталды. Алар: Жалал-Абад облусунда – 2;

Бишкек шаарында – 1;

Ысык-Көл облусунда – 1;

Ош шаарында – 1.

Ал эми акыркы суткада стационардан төрт, үй карантининен сегиз медкызматкер чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3 534 учур катталды, алардын 3 157и сакайды.