COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясы күндүзгү стационарларды даярдады. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Ленин району:
- №96 мектеп (Ак-Ордо ж/к) 30 койко-орундук;
- №95 мектеп (Жал кичи району) 50 койко-орундук.
Биринчи май району:
- №81 мектеп ( «Ак-Босого» ж/к, Профессор Зима көч, 262) 40 койко-орундук;
- №69 мектеп (Айни көч, 13) 120 койко-орундук.
Октябрь району:
- №39 мектеп (кичи район №6-4/1) 50 койко-орун;
- №63 (кичи район №11-9/1) 40 койко-орун.
Свердлов району:
- №4 мектеп (Атай Огомбаев көч, 207) - 50 койко-орундук;
- № 65 лицей - 60 койко-орундук.
Борбордун мэриясынын билдирүүсүнө караганда кычкылтек концентраттары жетиштүү санда, керек болгон учурда стационарларга жеткирилип турат. Ошондой эле бардык стационарларда дары-дармектердин жана жеке коргонуучу каражаттардын камы көрүлгөн.