Акыркы жумада коронавирустун туу чокусу Ош облусунда катталууда
Новость www

Өлкөдө азыркы учурда 52 044 коронавирус илдети менен жабыркагандар катталды. 

Ал эми анын ичинен 45 736 адам айыгып чыкты. Медицина кызматкерлеринин арасында 3534 жаранда аныкталды. Пандемия башталгандан тарта 1111 адам көз жумду.

Илдет жайылгандан бери Чүй облусунда – 24 869 адам ооруп, оору эң көп катталган аймак катары саналууда.

Акыркы жума ичинде оорунун күчөшү кадыресе байкалды. Жалпысынан аптада коронавирустун 2814 жаңы учуру каттоого алынып, 1341 жаран айыгып чыкты. Муну менен катар 119 медицина кызматкери илдет жуктурганы аныкталып, 27 өлүм катталды. Бир жума аралыгында инфекция жуктуруп алгандардын жана өлүмдүн эң жогорку көрсөткүчү Ош облусунда катталууда. Тазалык эрежелерин так сактап, бет кап тагынып, зарылчылык болбосо эл көп чогулган жерлерге барбоого аракет кылыңыз.