Араван району карантинге алынды
Новость www

Эпидемиологиялык кырдаалы өтө курч делинген Араван районуна 2 аптага карантин жарыяланды. Бүгүнтөн тартып, азык-түлүк дүкөндөрү, дарыкана, банк кызматынан башка, соода базарлары жабылды. Ал эми, жарандарга көчөдө бекткапчан жүрүү милдеттендирилди.

Аталган район, дубанда тумоону жугузуу көрсөткүчү боюнча алдыңкы орунга чыкты. Райондук ооруканада ушул тапта абалы оор делинген 100 бейтап дарыланууда. Жугуштуу оорулар бөлүмүнө изолятор иретинде эки бөлүм кошулду. Башкы дарыгер: бейтапканага борборлоштурулган кычкылтек киргизилип, дары-дармек, медициналык коргоочу каражаттардан муктаждык жоктугун билдирди.