Коронавирус илдети кайрадан күч алууда. Кечээ 553 адам жуктуруп алса, бүгүн тумоого 482 адам кабылды. Андыктан, дарыгерлер жарандарды адам көп топтолуучу жайларга барбай, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактап, үйдө отурууну өтүнүп жатат.
Ден соолукту чыңдоо борборунун адистеринин айтымдарында, жугуштуу илдеттин жайылышынын негизги себеби- сактык эрежелеринин сакталбаганы. Адамдар абайлабаса азыр респиратордук вирустук инфекция күч алып турган учур. Бардык оорулар кошул-ташыл болуп кетиши мүмкүн. Эгер зарылдык болбосо жарандар сыртка чыкпай үйдө отуруп обочолонушу керек дешет.
Үйдө отуруп обочолонуу- айланасындагы адамдарга жугузбоонун эң жакшы ыкмасы. Анткени айрым адамдар өздөрү оорубаса да ооруну алып жүрүүчүлөрдөн болушу мүмкүн. Ковид-19 жаш куракка да саясатка да карабайт дейт адистер.