Таласта учурда ковид-19 илдетин жуктуруп алган үч адам өтө оор абалда жатат. Дагы 24 бейтаптын абалы оор экендиги айтылууда.
Дарыгерлер болсо бейтаптардын саны күндөн -күнгө өскөнү байкалууда дешет. Мындан улам, күндүзгү стационарлар толук даярдыкта турат. Андан тышкары райондук жугуштуу ооруулар бөлүмдөрү иштеп жатат. Талас районунда жайгашкан 300 орундуу жаңы ооруканага 60 жаңы керебет келген. Орундуктар азыр даярдалып жатат.
Белгилей кетсек, учурда жугуштуу илдет менен облустук жана райондук ооруканаларда 54 адам дарыланып жатышат. Тийиштүү мекемелердин адистери эл арасында санитардык нормаларды сактоо эрежесин түшүндүрүп жатканы менен тынымсыз өткөн той-аштар токтобой, коопсуздук чараларын жокко чыгарууда.