Ирландия Европада биринчи болуп өлкө боюнча карантинди кайра киргизди
Новость

Ирландияда коронавирустун экинчи толкуну менен күрөшүү үчүн бийлик алты жумалык карантин киргизди. Бул тууралуу The Telegraph билдирет. Өлкөдө COVID-19 ылдам жайылышына байланыштуу күчөтүлгөн чектөөлөр 21-октябрдан 1-декабрга чейин иштейт.

тыюу салынат:

  5 кмден ашык аралыкта үйдөн алыстап кетүү;

  жабык бөлмөлөрдө бири-бири менен жолугушуу;

  алтыдан ашык адам катышса, үйлөнүү үлпөтүн өткөрүү.

Ошол эле учурда, барлар менен ресторандарда "алып кетүүчү" режим гана иштейт. Ал эми мектептер, бала бакчалар карантинде жабылбайт. Төрт жуманын ичинде өкмөт чектөөлөрдү карап чыгат.

Белгилей кетсек, Ирландия коронавирустун биринчи чукул мезгилинде Европадагы эң узак карантиндердин бирин киргизип, чектөөлөрдү да акырындык менен алган.