Кытайдын бай адамдары пандемия учурунда рекорддук суммада акча тапты
Новость

Коронавирус пандемиясынын кесепетинен дүйнөлүк экономикалык кризиске карабастан, Кытайдын эң бай адамдары акыркы бир жылда рекорддук 1,5 триллион доллар киреше тапты. Бул тууралуу Daily Mail жазып чыкты.

Серепчилер белгилегендей, "дүйнө жүзү бир жылдын ичинде мынчалык көп байлык табылганын көргөн эмес". Кытайда 257 жаңы миллиардер пайда болду. Өлкөнүн эң бай адамы Джек Ма байлыгы 45 пайызга көбөйүп, 58,8 миллиард долларды түздү. Анын компаниясы Alibaba, кризистен натыйжалуулугун жогорулатуу менен пайда көрдү.

Саламаттыкты сактоо жаатындагы ишкерлер дагы капиталын көбөйттү. Мисалы, Zhifei вакцина чыгаруучу компаниясынын негиздөөчүсү Цзян Жэншэн байлыгын үч эсе көбөйтүп, 19,9 миллиард долларга жетти. Беткап жана медициналык шаймандарга болгон дүйнөлүк күчтүү суроо-талаптан кытай ишкерлери дагы утушка ээ болушту. Сентябрь айында экспорттун жалпы көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 9,9 пайызга жогорулаган..

Кытайдын экономикасы ушул жылдын январь айынан сентябрь айына чейин 0,7 пайызга өстү. Калктын кирешеси жылдык мааниде алганда 3,9 пайызга көбөйгөн. Үстүбүздөгү жылдын экинчи чейрегинде Кытай G20 өлкөлөрү арасынан жалгыз гана экономикасы өскөн өлкө болуп калды.