Ошто эпидемиологиялык кырдаал курчап баратат
Новость www

Ош шаарында эпидемиологиялык кырдаал курчуп бара жатат. Шаардын өзүндө тумоого кабылган 162 бейтап жатат. Дарыланып жаткандардын 60 пайызынын абалы оор. 

Ошол эле маалда, күнүнө 20 дай бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылууда. Дарыгерлердин айтымында,кайрылгандардын көбү ооруну өтүштүрүп жибергендер же өпкөсү кагынгандар. Ал эми, калаадагы дарылоочу жайларга кайрылгандардын 70 пайызы облус тургундары. Ош шаардык клиникалык бейтапканага кошумча 24 саат иштей турган 250 койкага эсептелген стационарлар даярдалган. Мындан сыркары, жакында 100 орундуу чоңдор үчүн жугуштуу оорулар ооруканасы пайдаланууга берилет. Медициналык жабдыктар, коргоочу каражаттардан тартыштык жок.

"Кошумча стационарлардын башкы максаты, бейтаптарга бир эле жерде толук медициналык жардам көрсөтүү, зарыл болгон бардык шарттар камсыздалган. Терапия бөлүмүнөн сырктары, ал жайларда реанимация бөлүмдөрүн да ачтык. Бул, ооруга ыкчам медициналык кызмат ала алат, адам өмүрүн сактап калууга максатталат",- деди Саламаттык сактоо министрлигинин Ош шаары боюнча координатору Кыялбек Ташполотов.