Коронавирус илдетинен сактануунун жолу - санитардык талаптарды сактап, бет кап тагынуу
Новость www

Бир күн ичинде Кыргызстандан 549 адам коронавируска кабылып, 5 адам кайтыш болду. Каза болгондордун үчөө Бишкек шаарынан болсо, экөө Баткен жергесинен. Саламаттык сактоо тарамагынын адистери- адамдар абайлап сак болбосо, таажы вирусу кайрадан күч алып кетиши мүмкүн экендигин айтып тынчсызданышууда.

Ар бир жаран өзүнүн ден-соолугуна өзү жоопкерчиликтүү болуп, жугуштуу илдеттен коргонуп жүрүүсү керек. Ал үчүн аралыкты сактап, бет кап тагынып, санитардык талаптарды туура аткаруу абзел дешет адистер. Жугуштуу оорулардын алдын алууда медициналык башка каражаттардын арасында беткап тагынуу өзгөчө орунду ээлейт. Айрыкча коомдук транспортто жүргөндө,адамдар көп чогулган жерлерде, жугуштуу ооруга чалдыккан бейтаптарга кам көрүүдө жана курч респиратордук оору белгилери бар адамдар менен байланышкан учурда.