Коронавирустан кайтыш болгон ар бир жарандын өлүмү үчүн жергиликтүү бийлик башчылары жооптуу. Пандемия менен күрөшүүдө шалаакылыкка жол берген жетекчилерге катаал чара көрүлөт. Бул туурасында, вице-премьер-министр Аида Исмаилова, Ош облусуна жасаган иш сапары учурунда биздин каналга билдирди.
Исмаилова, тумоонун таралыш себептерин жеринде аныктоо үчүн барганын жана жаңыдан курулуп жаткан жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушундагы орун алган маселелер менен жеринен таанышты. Кененирээк, кабарчыбыз Миргүл Бокошеванын материалында.