Испания Европа Бирлигинде коронавирустук инфекциянын 1 миллиондон ашык учуру катталган биринчи өлкө болду. Бул тууралуу El Paris билдирет.
Бирок, Карлос III Ден-соолук институтунун эсептөөлөрү боюнча, Испания калкынын жок дегенде 5,2% COVID-19 оорусу менен оорушу мүмкүн, бул болжол менен 2,5 миллион адам. Испанияда биринчи коронавирус жуктурган адам сегиз ай мурун катталган.
Испаниянын Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын жалпы санынын 60-80% гана статистикалык маалыматка киргизилиши мүмкүн деген ойдо. Испанияда 22-октябрдын таңына карата коронавирустун 1 миллиондон ашык учуру катталган. Аталган өлкө дүйнөдө COVID-19 оорусу эң көп жуккан алты өлкөнүн катарына кирет.
Акыркы сутка ичинде өлкөдө 16 миңден ашуун адам катталды. Ал эми жалпы пандемия учурунда 150 376 адам ооруну жеңип чыгып, 34 366 бейтап коронавирустун кесепетинен улам көз жумган.