Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 547 адамдан табылып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте - 123, Ош шаарында - 52, Чүй облусунда - 76, Ош облусунда - 85, Талас облусунда - 15, Нарын облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда - 24, Жалал-Абад облусунда - 79, Баткен облусунда - 90 адам жуктуруп алды.
Ал эми акыркы бир күндө 282 адам сакайып чыкты. Аталган илдеттен жалпы 46 726 адам айыкса, 54 006 киши ооруга кабылды. 1 122 жаран каза болду. Өлкө аймагындагы стационарларда 2 919 бейтап, амбулатордук түрдө 2 745 киши дарыланууда.
Сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Ал эми бир суткада стационардан 8, үй карантининен 12 медкызматкер чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 561 учур катталды, алардын ичинен 3 220 медкызматкер айыгып чыкты.