Россияда коронавирустан каза болгондордун саны бир күндө 300 адамдан ашты
Новость KTRK/videograp

Россияда пандемия башталгандан бери биринчи жолу COVID-19дан каза болгондордун саны бир күндө 300 адамдан ашты. Ооруну эң көп жуктуруп алгандар Москва шаарында катталууда. Мындан улам шаарды массалык дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Москва шаары ооруну жуктуруп алгандардын саны боюнча биринчиликти эч кимге бербей келет. Ал эми түндүк борбор экинчи орунда. Пандемия учурунда коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны бир жарым миллион адамдан ашты. Москва шаарында 21-октябрдан тарта бийлик ар кандай массалык иш-чараларга тыюу салды. Учурда балдар аянтчаларын дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле Жаңы Зеландияга барган орус жана украин деңизчилеринен коронавирус диагнозу коюлган. Учурда 18ге чукул адамдан ковид оорусу аныкталды. Дагы 14 адам инфекцияга шектелүүдө, алар кайрадан текшерүүдөн өтөт. Алар өлкөгө балык кармоочу компаниялар аркылуу келишкен.

Бир ай мурда Жаңы Зеландиянын бийлиги коронавирус пандемиясын жеңгенин жарыялаган. Ошондой эле өлкөнүн эң чоң шаары Оклендде карантиндик чектөөлөр жумшартылды.