Бөлмөнү маал-маалы менен желдетүү - вирус жуктуруп алуунун алдын алат
Новость www

Адистердин айтымында, бөлмөнү маал-маалы менен желдетип туруу вирус жуктуруп алуудан сактайт. Үйдүн терезелерин тез-тезден ачып турса, вирусту алып жүргөн аэрозоль бөлүкчөлөрдүн болжол менен 40 пайызы бөлмөдөн сыртка учуп кетет.

Күн сууктап, үйдүн эшик-терезелерин жылуулоо мезгили башталды. Аба ырайы сууктаганда көпчүлүк жарандар бөлмөнүн ичин көп желдете беришпейт. Бирок адистер күн суук болсо дагы, бир маал бөлмөнүн эшик-терезесин ачып, үйдү желдетип туруу вирус жуктуруп алуу коркунучун алдын алууга мүмкүнчүлүк болот деп айтышат.