Саламаттык сактоо министрлиги: бейтаптар үчүн стационарларда орундар жетиштүү
Новость www

COVID-19 инфекциясына чалдыккан бейтаптар үчүн стационарларда орундар жетиштүү. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Кычкылтек концентраттары да жетиштүү, зарыл болгондо стационарларга жеткирилип турат.

Ковид-19 инфекциясына кабылган бейтаптар борбор калаадагы 8 стационарга жаткырылууда. Бош орундуктар жетиштүү, азыркы тапта Бишкек шаары боюнча 407 орун бар. Айтсак, республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасында, шаардык 1-ооруканада, Улуттук госпиталда, Темир жол ооруканасында да бош орундар бар. Адистердин айтымында, стационарлар эпидемиологиялык абалга жараша этабы менен ачылып турат. Абал оорлошуп кетсе, резервдеги ооруканалар да ачылат.