Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 582 адамдан табылып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте - 63, Ош шаарында - 59, Чүй облусунда - 81, Ош облусунда - 127, Талас облусунда - 17, Нарын облусунда - 7, Ысык-Көл облусунда - 29, Жалал-Абад облусунда - 86, Баткен облусунда - 113 адам жуктуруп алган. Ал эми акыркы бир күндө 324 адам сакайып чыкты. Аталган илдеттен жалпы 47 миң 50 адам айыкса, 54 миң 588 киши ооруга кабылды.
Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 139 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 719 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 7, үй карантининен 11 медкызматкер чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 566 учур катталды, алардын ичинен 3 238 медкызматкер айыгып чыкты.