Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 606 адамдан табылып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте - 88, Ош шаарында - 36, Чүй облусунда - 29, Ош облусунда - 97, Талас облусунда - 24, Нарын облусунда 2, Ысык-Көл облусунда - 41, Жалал-Абад облусунда - 184, Баткен облусунда - 105 адам жуктуруп алган. Ал эми акыркы бир күндө 279 адам сакайып чыкты. Бишкекте - 53, Ош шаарында - 24, Чүй облусунда - 25, Ош облусунда - 73, Талас облусунда - 6, Ысык-Көл облусунда - 13, Жалал-Абад облусунда - 55, Баткен облусунда - 30 киши айыкты. Аталган илдеттен жалпы 47 миң 616 адам айыкса, 55 миң 750 киши ооруга кабылган. Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 328 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 156 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 6, үй карантининен 9 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 575 учур катталды, алардын ичинен 3 266 медкызматкер айыгып чыкты.