Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус жакынкы айлар пандемиянын эң оор айлары болоорун эскертип, мектептерди жабууну суранды. Дүйнөлүк маалымат булактарынын жарыя кылган билдирүүлөрүнө караганда дүйнөдө пандемиянын башталганынан бери коронавирус илдетинен жабыркагандардын саны 42 миллион 270 миңден ашты, алардын ичинен 28 миллион адам илдеттен айыгып чыкты, ошондой эле 1 миллион 140 миң адам каза болгону айтылууда. Жабыркагандардын саны боюнча алдыда АКШ, Индия жана Бразилия мамлекеттери катталып келет.
Республикалык ыкчам штабынын маалыматына ылайык Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус менен пневмония илдеттеринин 606 жаңы учуру катталды. Жалпы, пандемия башталгандан бери өлкөдө 55 миң 750 адам жугуштуу илдеттен жабыркаган, 47 миң 337 адам айыгып чыккан. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 3 миң 328 бейтап дарыланууда, ал эми 3 миң 156 адам амбулатурдук дарылоодон өтүүдө. Милдеттүү медициналык камсыздоо фондусунун маалыматына караганда, учурда республикалык ооруканаларда 322 миллион 396 миң сомдук дары-дармек бар. Бул дарылар 1 жарым айга жетет, деп билдирет адистер.