Казакстанда кинотеатрлар ишин жандантты
Новость www

Казакстандын Өкмөтүнө караштуу Ведомстволор аралык комиссиянын чечимине ылайык, 26-октябрдан баштап эпидемиологиялык абалы туруктуу болгон  региондордогу ишкердик субъектилеринин иши акырындык менен калыбына келтирилет.

 26-октябрдан тартып көрүүчүлөрдүн саны 30 пайыздан ашпаган санда, аралыкты жана маска режимин сактоо менен кинотеатрлар ишин улантат. Tengrinews.kz билдиргендей, биринчи күнү көрүүчүлөргө "Любовь на миллион" улуттук комедиясы көрсөтүлөт. Ошондой эле, көрүүчүлөр Ники Каро режиссёрлук кылган "Мулан" драмасын жана Кристофер Ноландын "Аргумент" боевик киносун көрө алышат.