Колумбияда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 1 миллиондон ашты. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлиги билдирди.
Колумбияда пандемия башталгандан бери 30 миң адам коронавирус инфекциясынан көз жумган. Колумбия миллиондук чекти ашкан сегизинчи өлкө болду. Буга чейин АКШда 8,5 млн, Индияда 7,8 млн, Бразилияда 5.4 млн, Россия 1,5 млн, Франция 1,1 млн, Аргентина 1,08 млн жана Испания 1,05 миллионду түзгөн.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 2016-жылдагы маалыматы боюнча, Колумбияда 48,6 миллиондон ашуун адам жашайт.