Жалал-Абад облусунда болсо 138 жаран оор абалда ооруканада жатат. Ал эми 10 бейтап өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө.
Сузак аймактык ооруканасында ковид вирусун жуктурган 73 жаран дарыланууда. 9 жарандын абал оор. 2 бейтаптын абалы өтө оор. Айрымдары үйдө өз алдынча дарыланып оор абалда келген болсо, ооруканада абалы начаргандар бар. Көпчүлүгү жашы улгайган жарандар.
Облуста эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Кээ бир райондогу ооруканада орундуктар толгон. Базар-Коргон аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү 46 орунга ылайыктуу болсо, бүгүнкү күндө бейтаптар арбын.
Ал эми Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү 95 орунга ылайыктуу. Бүгүнкү күндө 85 бейтап жатат. Орун тартыштыгын алдын алуу максатында, буга чейин “Бакыт” ден соолукту калыбына келтирүү борборуна кошумча 100 орундук даярдалып, ишке кирген. Ал бөлүмдө 45 бейтап дарыланууда. Облустук клиникалык оорукананын директорунун айтмында, илдетти жуктуруп ооруканага түшкөндөр күн сайын көбөйүүдө.