Жеке гигиенаны сактабай, көчөдө бет кап, кол кабы жок жүргөндөр абалга терс таасирин тийгизип жатат. Мындан сырткары кафе, ресторандар тыюу салынганына карабай той, аш өткөрүп оорунун очогуна айланууда. Аймакта,бүгүн эле жыйырма тогуз адамдан илдет аныкталды. Мындан улам жалпы район, шаарларда мурда даярдалып жаткан күндүзгү стационарларды ачуу маселеси каралууда.
Ысык-Көл облусунда бүгүн жыйырма тогуз адамдын илдетке чалдыкканы аныкталды. Мунун жыйырма бири тастыкталган корановирус болсо, калганы өпкөнүн кагынышы. Эң көп учур Каракол шаарында болуп жатат. Облустук орукананын кабыл алуу бөлүмүнөн билдиришкендей жумуш эки эсе көбөйүп, күнүнө жетимиш, сексенге жакын адам кайрылууда.
Азыркы тапта облустук орукана мурда даярдаган токсон бир орун менен иштеп жатат. Ал эми дары-дармек жагынан эки айлык кору бар. Мындан сырткары күндүзгү стационарлар ачылып калса дагы керек болот деп дары-дармек даярдалган.