Ысык-Көл облусунда COVID-19 боюнча абал курч бойдон сакталууда. 28-октябрга карата жалпы облус аймагында отуз бир адамдан бул илдет аныкталса анын жыйырма беши тастыкталган корановирус болуп чыкты.
Эң көп учур Каракол шаарында, Ак-Суу жана Тоң райондорунда болууда. Дарыгерлердин билдирүүсүндө илдеттин көп катталышына жарандардын өздүк гигиенаны сактабай көчөдө бет кабы, кол кабы жок жүргөндөр абалга терс таасирин тийгизип жатат. Мындан сырткары кафе, ресторандар тыюу салынганына карабай той, аш өткөрүп оорунун очогуна айланууда.
Мындан улам облустук штабдын мүчөлөрү текшерүү иштерин күчөтүлгөн тартипте улантып жатышат. Анын жыйынтыгында жалпы 286 объектиге айып акчалар салынды. Айрым тойканалар эрежени бузгандыгы үчүн укук коргоо органдары тарабынан изилденип, иштери сотко өттү.