Өлкөдө сутка ичинде коронавирус 538 адамдан табылып, 2 адам каза болду
Новость www

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 538 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте - 139, Ош шаарында - 23, Чүй облусунда - 40, Ош облусунда - 52, Талас облусунда - 25, Нарын облусунда 17, Ысык-Көл облусунда - 31, Жалал-Абад облусунда - 86, Баткен облусунда - 125 адам жуктуруп алган. Ал эми акыркы бир күндө 414 адам сакайып чыкты. Бишкекте - 65, Ош шаарында - 41, Чүй облусунда - 46, Ош облусунда - 76, Талас облусунда – 15, Нарын облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда - 22, Жалал-Абад облусунда - 83, Баткен облусунда - 62 киши айыкты.

Аталган илдеттен жалпы 48 миң 637 адам айыкса, 57 миң 276 киши ооруга кабылган. Коронавирустан 1 миң 138 жаран көз жумган. Бир күндө 2 өлүм катталды. Бишкек шаарында – 1, Жалал-Абад облусунда – 1 адам каза тапты.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 479 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 488 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми үй карантининен 11, стационардан бир медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 602 учур катталды, алардын ичинен 3 302 медкызматкер айыгып чыкты.