Дүйнөдө COVID-19 жуктургандардын саны 44,5 миллионго жетти
Новость

29-октябрга карата дүйнөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 44,5 миллионго жетти. Бул тууралуу  Американын Джон Хопкинс университетинин оорунун жайылышына көз салган маалыматтарынын статистикасынан көрүүгө болот.

COVID-19дан 1,174 миллион адам каза болуп, 30,05 миллион адам айыкты.

Коронавирус эң көп жайылган өлкөлөрдүн сап башында АКШ 8, 85 миллион, Индия 8, 04 миллион жана Бразилия 5, 46 миллион.