Америкалык Apple корпорациясы өзүнүн белгилүү iPhone смартфондорунун миллиарддан ашыгын сатты. “Тарыхтагы эң жогорку көрсөткүчкө компания сентябрь айында жетишкен”,- деди аналитик Нил Сибарт Above Avalon блогунан жазган билдирүүсүндө.
"Иштетилгенине 13 жыл болгондо, iPhone эң популярдуу жана эң көп сатылган смартфон бойдон калууда" деди Сибарт. Ал ошондой эле башка смартфон чыгаруучулар АКШнын технологиясын көчүрүп же таасир этип жаткандыгын кошумчалады. Нил Сибарт жаңы iPhone колдонуучуларынын Android түзмөктөрүнө өтүү пайызы азайып баратканын белгиледи.