Италияда коронавирус пандемиясынын айынан абакта жаткандардын 10 пайызы үй камагына бошотулат. Бул абакта жаткан 54 815 адамдын 5 миңдейин түзөт.
Euronews билдиргендей, коронавирус 41 түрмөдө катталып, 150 абакта жаткан киши жана 200дөй кызматкер бул илдетке чалдыккан.
18 айдан ашпаган мөөнөткө эркинен ажыратууга соттолгон үч миң туткундун жайгашуусун көзөмөлдөө үчүн электрондук билерик тагылат. Андан башка эки миңи жарым-жартылай эркиндикте болчу, алар иштөө же окууга эртерээк бошоп кетүүгө уруксаат алган, бирок кечинде камерага кайтып келүү шарты менен болгон.