Жалал-Абад шаарынын босогосунда “Курманбек- кылымдар мурасы” триумфалдык аркасынын тегерек четиндеги чачылган таштандылар тууралуу "Элдик репортерго" билдирүү келип түшкөн. Автордун айтымында, Таштандылар чачылып жатканына көп болду. Ушул маселени талкууга койсок коомчулук кандай жооп берээр экен? Шаар курган өкмөт күнөөлүүбү же шаарда турган эл күнөөлүүбү? - деген билдирүүсүндө.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.