Ош облусунун аймагында өрт кырсыгын алдын алуу иштери уланууда
Новость

Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жер-жерлерде күз-кыш мезгилине карата өрт кырсыгын алдын алуу боюнча үгүт иштери улантылууда.

Тактап айтканда, Ош облусунун райондук түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан турак үйлөрдө, мекеме-ишканаларда күз-кыш мезгилинде өрт кырсыгын алдын алуу максатында 2582 жерде 17715 адамды камтыган нускамалар өтүлүп, атайын өрт коопсуздук эрежелери камтылган эскертме баракчалары таркатылды.

Бул иш-чаралар улантылууда ӨКМ тарабынан өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүүдө.