COVID-19. Дүйнөдө абал кандай?
Новость www

Окумуштуулар  тарабынан иштелип чыккан онлайн картага таянсак, акыркы 24 сааттын ичинде дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 487 458 адамга көбөйдү. Жалпысынан дүйнөдө коронавирус 47 миллион 348 миң 215 адамга жуккан

Алдыңкы ондукта:

 АКШ (9 миллион 379 миң 600), 

 Индия (8 миллион 267 миң 623)

 Бразилия (5 миллион 566 миң 49), 

 Россия (1 миллион 661 миң 96), 

 Франция (1 миллион 461 миң 391), 

 Испания (1 миллион 259 миң 366), 

 Аргентина (1 миллион 195 миң 276), 

 Колумбия (1 миллион 99 миң 392)

 Улуу Британия (1 миллион 77 миң 99), 

 Мексика (938 миң 405).

Коронавирустук инфекция учурлары дүйнөнүн 190 өлкөсүндө катталган. Илдетти жуктуруп алгандан кийин калыбына келген адамдардын саны 31,5 миллиондон ашты. Күндүн ичинде көрсөткүч 197 миң 326га жогорулады.

Оорудан каза болгондордун саны 1 миллион 212 миң 844кө жетти. Бир сутка ичинде бул көрсөткүч 6 миң 775 адамга көбөйдү. 

Анын ичинде 

АКШда 232 миң 553 адам, 

Бразилия - 160 миң 496,

Индия - 123 миң 97

Мексика - 92 миң 593,

Улуу Британия - 47 миң 340 адам каза болгон. 

Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын 60 миң 774 учуру катталган, Казакстанда - 113 миң 309, Өзбекстанда - 67 миң 553, Тажикстанда - 11 миң 139.