Өлкөдө сутка ичинде коронавирус 495 адамдан табылып, 4 жаран каза болду
Новость www

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 495 адамдан табылып, 4 жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте - 150, Ош шаарында - 17, Чүй облусунда - 78, Ош облусунда - 52, Талас облусунда - 23, Нарын облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда - 37, Жалал-Абад облусунда - 89, Баткен облусунда - 44 адам жуктуруп алган. Ал эми акыркы бир күндө 527 адам сакайып чыкты. Коронавирустан жалпы 51 миң 815 адам айыкса, 60 миң 774 киши ооруга кабылды. Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 437 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 771 киши дарыланууда. 

Акыркы суткада 3 миң 920 ПЧР анализи жүргүзүлдү. Сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада үй карантининен 9, стационардан 4 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 631 учур катталды, алардын ичинен 3 372 медкызматкер айыгып чыкты.