Бишкек шаарындагы Пушкина көчөсүндө жол оңдоо иштери жүрүп, жолго асфальт төшөлүүдө. Бул жерде жол кызматкерлеринин кайдыгер мамилесинен жолдун так ортосунда ийилип, эскилиги жеткен электр түркүгү калып калган. Айдоочулар үчүн бул электр түркүк бир топ эле кооптуулук жаратат. Буга жол кызматкерлери жооп береби же электр тармагын тейлеген тиешелүү адистерби? Тийиштүү органдар көзөмөл салып койсо.
Автордун айтуусунда жолдун так ортосунда калып калган электр түркүгү эскилиги кетип, чирип араң эле турат. Шаар тургундары үчүн кооптуулукту жараткан бул түркүктү тез арада ордун которуп алмаштырып беришсе деген үмүт менен "Элдик репортерго" кайрылышкан.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.