Ош облусунун Араван, Өзгөн, Ноокат жана Кара-Суу райондоруна киргизилген карантиндик чектөөлөр 13-ноябрга чейин күчүндө болот.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аймакта той-аш өткөрүүгө, мал, кийим-кече базарларына жана жума намазга барууга тыюу салынган. Район аралык коомдук транспортторго чектөө коюлган. Бирок, азык-түлүк базарлары, дарыканалар, банктар иштеп жатат. Ош облусунун аталган 4 районундагы карантиндик чектөөлөр 18-октябрдан тартып күчүндө.
Кошумчалай кетсек, коронавирус өлкөдө катталгандан тарта 61 309 киши ооруга чалдыкты.
Вирусту жуктуруп алгандар Бишкек шаарында 21 005;
Жалал-Абад облусунда 7572;
Чүй облусунда 6906;
Ош облусунда 6851;
Баткенде 5792;
Ысык-Көлдө 4810;
Ош шаарында 4603;
Нарында 1882;
Таласта 1888.
Ошол эле учурда 52 343 бейтап сакайды, 1167си каза болду. Октябрь айынан бери вирус күчөп, өлкөдө эпидемиологиялык абал курч болууда.