Өлкөдө соңку бир күн ичинде коронавирусту 571 адам жуктуруп алган. Беш адам каза болду
Новость KTRK/videograp

Коронавирустан дагы беш адам каза болду. Кайтыш болгондордун үчөө Талас облусунун, бирөө Баткен облусунун дагы бирөө Бишкек шаарынын тургуну. Кыргызстан боюнча жугуштуу тумоодон кайтыш болгондор 1 182 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде 571 адам вирусту жуктуруп алды. 

Ооруга кабылгандардын көбү Бишкек менен Ош шаарынан, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тургундары. Ооруну жуктургандардын жалпы саны 63 миң 390 киши болду. 

Ал эми тумоодон сакайгандар 406. Ооруканада 3 457 бейтапжатат, дагы 3 737 адам үйдөн дарыланууда. Коронавирус жуктургакн медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 649га жетти, алардын 3 436сы ооруну жеңди. Соңку күндө бул оору эки дарыгерден табылды. снх