Италияда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны миллиондон ашты
Новость

Италияда пандемия башталгандан бери коронавирусту жуктуруп алгандардын саны миллиондон ашты. Акыркы сутка ичинде 32 961 жаңы инфекция учурлары аныкталды. Бул тууралуу ТАСС республиканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 11-ноябрь күнү жарыяланган кыскача маалыматына таянып жазды.

Жалпысынан коронавирустук инфекциянын кесепетинен 42 953 адам көз жумуп,  372 113 адам айыкты.

Реанимация бөлүмдөрүндө үч миңден ашуун коронавирус менен ооруган бейтап бар. 580 миң италиялыктар үйүндө дарыланып жатат.