Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус пневмонияны эсепке алганда 499 адамдан табылып, бир жаран каза болду. Муну менен жалпы өлкө боюнча 1 миң 196 жаран каза тапты.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, вирус жуктуруп алгандар Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында көп катталууда. Соңку суткада Бишкек шаарында - 108, Ош шаары - 46, Чүй облусу - 83, Ош облусу - 52, Талас облусу - 20, Нарын облусу - 12, Ысык-Көлдө - 59, Жалал-Абад облусу - 70, Баткен облусунда - 49 адам илдетке кабылды. Ал эми акыркы бир күндө 540 адам сакайып чыкты.
Өлкөдө жалпы 65 миң 953 адам коронавируска кабылса, 56 миң 847 киши айыкты. Азыркы тапта өлкө боюнча стационарда 3 миң 315 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 905 бейтап дарыланууда.
Ошондой эле бир күн ичинде өлкө боюнча 16 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 6, үй карантининен 4 медкызматкер чыгарылган.