Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Республиканын азык-түлүк коопсуздугу боюнча мамлекеттик экономикалык саясатты ишке ашыруу жана максатында, айыл чарба продукциясынын бааларын мамлекеттик жөнгө салууну жана социалдык жактан маанилүү товарларды экспорттоого тыюу салууну сунуштоодо.
«Азыркы оор кырдаалда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү. Зарыл товарларга баанын өсүшүн эске алып, тез арада чечүү маанилүү. Ички базарды мал менен камсыз кыла албай калуу коркунучу бар ”, - деди министр Тилек Токтогазиев.
Айыл чарба продукцияларынын тизмеси:
| № | Товардын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду |
| 1. | Тирүү жылкы | 0101 |
| 2. | Ири мүйүздүү тирүү мал | 0102 |
| 3. | Тирүү койлор жана эчкилер | 0104 |
| 4 | Тирүү үй канаттуулары: тооктор (Gallus domesticus), өрдөктөр,каздар, индейкалар жана куштар | 0105 |
| 4. | Буудай жана меслин | 1001 |
| 5. | Арпа | 1003 |
| 6. | Жүгөрү | 1005 |
| 7. | Күрүч | 1006 |
| 8. | Буудай уну | 1101 00 |
| 9. | Өсүмдүк майы | 1512 ден |
| 10. | Кумшекер | 1701 99 |
| 11. | Тоок жумурткасы | 0407 11 000 0, 0407 21 000 0 |
| 12. | Йоддолгон тамакка салынуучу туз | 2501 00 91 |
| 13. | Тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин жеми | 1214 90 900 0, 2302 ден |
Тиешелүү жарлык премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгондон кийин күчүнө кирет.