Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус 304 адамдан табылып, 6 киши каза болду. Каза болгондордун экөө Бишкектен, бирөө Талас, эки киши Чүйдөн жана 1 киши Оштон. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 101 адамдан, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 51, Ош облусунда – 19, Талас облусунда – 16, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 32, Жалал-Абад облусунда – 72, Баткен облусунда 8 кишиден табылган. Ошол эле учурда 349 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 3 миң 96 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 648 бейтап дарыланууда.
“Бир күн ичинде өлкө боюнча 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Стационарлардан 3, үй шартынан 2 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 815 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 545 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 69 миң 885 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 61 миң 160 киши айыгып чыкса, 1 миң 237 адам каза болду.