Кыргызстанда бир суткада коронавирус 378 адамдан табылып, 4 жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Каза болгондордун экөө Бишкек, бирөө Талас жана дагы бирөө Баткен облусунун тургундары.
Ошол эле учурда 455 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 851 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 832 бейтап дарыланууда.
“Бир күн ичинде өлкө боюнча 11 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 5, стационардан 3 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 842 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 560 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 70 миң 744 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 61 миң 593 киши айыгып чыкса, 1 миң 245 адам каза болду.