Таза сууга жетпей кыйналган Байтик айылы
Новость www

Аламүдүн районунун Байтик айылына таза суу жетпейт. Себеби түтүктөр ар кайсы жерден жарылып, суу талаага эле кетип атат. Буга нааразы болгон жергиликтүү тургундар "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жөнөткөн. Аламүдүн районунда таза суу маселеси курч. Канча жылдан бери ушул маселебиз чечилбей келет. Шаардан алыс эмес жерде жашасак да, таза сууга жетпей келебиз. Канча жерге кайрылсак да маселебиз оң жагына чечилбейт, - дейт автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.