Көк-Мойнок: айрылган желек качан алмаштырылат? - көрөрмандын суроосу
Новость KTRK/videograp

Тоң районундагы ИИБнүн Көк-Мойнок айылдык милиция бөлүмчөсүнүн №9 милициясынын аймактык пунктунда көптөн бери тытылган желек илинип турат. Мамлекеттик туунун мындай начар абалы көрксүз болуп, көзгө начар көрүнөт. Көңүл бурган эч ким жок. Айрылган желекти алмаштарганга чамалары келбеген аталган милициянын аймактык пунктуна чара көрүлүшү керек,- дейт билдирүү жөнөткөн автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.