Өлкөдө коронавирус 335 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду
Новость www

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 335 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 84 адамдан, Ош шаарында - 28, Чүй облусунда - 107, Ош облусунда - 35, Талас облусунда - 2, Нарын облусунда - 15, Ысык-Көл облусунда - 25, Жалал-Абад облусунда - 17, Баткен облусунда 22 кишиден табылды. 

Ошол эле учурда 478 адам коронавирустан айыгып чыккан. “Бир күн ичинде өлкө боюнча 12 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 9, стационардан 6 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 932 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды, алардын ичинен 3 миң 623 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 73 миң 513 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 65 миң 189 киши айыгып чыкса, 1 миң 277 адам каза болду.