Новопокровка айылындагы Линейная көчөсүнүн бир бөлүгүндө электр энергиясы боюнча көйгөй ушул кезге чейин чечилбей уланып келет. Убактылуу коңшу көчөдөн жарык тартырып тажаган тургундар "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн.
Алардын айтымында, 10 жылдан бери ушул көйгөй менен жашап келе жатабыз. Кыш келгенде эле чырак болуп калат жарыгыбыз. Электр мамычаларын былтыр айыл өкмөт орнотуп берген. Бирок ага электр чубалгылары ушул убакытка чейин тартылбай турат. Барбаган жерибиз калган жок. Эптеп жарык киргизүү максатында, үйлөрдүн арткы тарабындагы коңшулар менен сүйлөшүп, зымдарды туташтырып алганбыз,- дейт автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.