Соңку бир күндүн ичинде коронавирус 420 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду
Новость www

Соңку бир күндүн ичинде кооптуу илдет 420 адамдан табылып, дагы 4 бейтап каза болду. Анын үчөө Бишкектин, бирөө Ош облусунун тургуну. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Бишкекте коронавирус 179 адамдан, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 112, Ош облусунда – 26, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 35, Жалал-Абад облусунда – 15, Баткен облусунда 28 кишиден табылган. 

Ошол эле учурда 400 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда 2 миң 689 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 570 бейтап дарыланууда. Өлкөдө пандемия башталгандан бери 73 миң 933 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 65 миң 589 киши айыгып чыкса, 1 миң 281 адам каза болду.