Япония бензин менен жүргөн унаалардан баш тартуу планын иштеп чыгат
Новость www

Жыл аягына чейин Япон өкмөтү бензин менен жүрө турган унаалардан баш тартуу планын иштеп чыгат. Бул тууралуу Экономика , соода жана өнөр жай министри Хироши Каджияма билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган план 2030-жылдын ортолоруна чейин ишке ашышы керек.

Министр электромобилдерге өтүү 2050-жылга чейин атмосферага парник газдарын чыгарууну азайтуу планын ишке ашыруу үчүн маанилүү экендигин белгиледи.