Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө
Новость

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 328 адамдан табылып, 5 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 122 адамдан, Ош шаарында - 11, Чүй облусунда - 87, Ош облусунда - 12, Талас облусунда - 12, Нарын облусунда - 6, Ысык-Көл облусунда - 48, Жалал-Абад облусунда - 13, Баткен облусунда 17 кишиден табылды. Ошол эле учурда 455 адам коронавирустан айыгып чыккан. “Бир күн ичинде өлкө боюнча алты медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. 

Үй шартынан жети, стационардан эки медкызматкер айыгып чыкты. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 74 миң 973 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 66миң 993 киши айыгып чыкса, 1 миң 295 адам каза болду